Абшыр-Атада калган 200дөн ашуун унаага ушул жума жол ачылат

Автор

Ноокаттыгы селде Абшыр-Атада 200дөй киши коопсуз жайга эвакуацияланды. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы өкүлү Эльчибек Джантаев билдирди.
Маалыматка ылайык, Абшыр-Сай шаркыратмасынын жогорку тарабында сел алып кеткен жолду калыбына келтирүү иштери жүрүп жатканы айтылды.
Эльчибек Джантаев «Ош-Баткен жолун байланыштырган көпүрө убактылуу калыбына келтирилип, жаңы көпүрө салынууда. Ошол жактагы техника, жумушчу күчтөрдү бул жакка жөнөтүп, тоо башындагы 200дөн ашык унаага жол ачууга бардык күчтү жумшаңыздар. Оор техникалардын жардамы менен ушул жума бүтүрүү керек. Техника, акча каражат, күйүүчү май маселеси баары жетиштүү», — деди.

Бөлүшүү:
Next Post

4-июлда күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 4-июлда түнкүсүн күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +29…+34, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +10…+15, күндүз +27…+32, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн […]

Сизге жагышы мүмкүн