Абхазия менен Армениядан келген унааларга уруксат жок

Автор

Министрлер кабинетинин төрага орун басары Камчыбек Ташиев тийиштүү ведомстволордун жетекчилери менен жыйын өткөрүп, Абхазия менен Армениядан алынып келинген унаалар боюнча талкуу өткөрдү.
Жыйынга Абхазия менен Армениядан келген унаалардын ээлери да катышышты.

” Кыргызстандын аймагында бир дагы мыйзамсыз жүргөн унаа болбошу керек. 5000 же, 6000 долларга алган унаалар башка жарандардын өмүрүнө коркунуч жаратып жатат. Силер митинг, пикеттерге чыгабыз деп бизди коркутпагыла. Мыйзамсыз келген унааңарды мыйзамдаштырып бергиле деп бизге доо да койбогула”,- деди Камчыбек Ташиев.
Ал президенттин тапшырмасына ылайык, эгер унаа ээлеринин документтери бар болсо, же, унааларынын техникалык абалы талапка жооп берсе, мыйзамдаштырып берүүнү мерчемдеп жатышкандарын айтты.
Бирок, алардын ичинде мыйзамдашпай тургандары да бар экенин, билдирип, “унааңар мыйзамсыз болсо, анда айдап чыкпагыла”.- деди.
Белгилүү болгондой, Абхазия менен Армениядан болжол менен 20 миңдей унаа ташылып келинген. Алардын 90 пайызы оң рулдуулар.

Бөлүшүү:
Next Post

Баткенде үй тибиндеги 30 бала бакча ачылды

Жыл башынан бери Баткен облусунда үй тибиндеги 30 бала бакча ачылды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда бала бакчаларда 676 бөбөк тарбияланууда. Баткен облусунда бала бакча курагындагы балдардын саны 91 миңден ашат. Алардын 28%ы бакчага барышат. Облус боюнча жалпы 208 мектепке чейинки билим берүү мекемеси бар, анын […]

Сизге жагышы мүмкүн