Абу-Даби Эмираты дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан келген миллиардерлер үчүн жаңы багыт болуп калганын Bloomberg маалымдады.
Учурда аймакта беш миң чет элдик компания катталган, 2016-жылы өлкөдөгү оффшордук компаниялардын саны 46 гана болгон.
Акыркы жылдары БАЭ Швейцария, Кайман жана Виргин аралдарына караганда ишкерлер үчүн жагымдуу болуп калды. Аларга ири инвестиция үчүн узак мөөнөттүү жашоого уруксат, ал тургай өлкөнүн жарандыгын алуу мүмкүнчүлүгү жагат.