Америкалык “Абрамс” танктарынын биринчи партиясы Украинага мөөнөтүнөн мурда жеткирилгенин Украинанын президенти Владимир Зеленский өзүнүн расмий Telegram каналында билдирди.
“Министр Умеровдон жакшы кабар. Абрамс Украинада жана биздин бригадаларды күчтөндүрүүгө даярданып жатат. Мен союздаштарга келишимдерди аткарганы үчүн ыраазычылык билдирем”,-деди. Байдендин администрациясы Украинага убада кылган 31 М1 Абрамс танкынын биринчи партиясы мөөнөтүнөн бир нече ай мурда жеткирилген. Эми Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн каршы чабуулуна катыша алышат.