Франциянын соту Мухтар Аблязовду 30 күндүн ичинде өлкөдөн чыгып кетүүгө милдеттендирди
Издөөдө жүргөн жана бозгун Мухтар Аблязов Франция соту 30 күндүн ичинде өлкөдөн чыгып, аны кабыл алууга даяр өлкөгө баруу чечимин чыгарганын билдирди.
“Алар мени 30 күндүн ичинде Франциядан чыгып кетүүнү талап кылышты, башка өлкөгө барууга паспортум да, визам да жок”, — деди Аблязов.
Ал француз сотунун чечимине каршы арыз жазарын билдирди.