Кант шаарында Премьер-Лигасы-2024 турниринин алкагында «Абдыш-Ата» менен «Дордойдун» беттешүүсү аяктады. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2024-жылкы сезондун чемпиондугу үчүн күрөштө чечүүчү болуп, бүйүр кызыткан жана көз жоосун алган учурларга бай болду.
Талаа ээлери 1-0 эсебинде борбор калаалык клубду жеңип, мөөнөтөн мурда Кыргызстандын чемпиону болушту. Ошентип, «Абдыш-Ата» катары менен үчүнчү ирэт өлкө чемпиону аталды.
Команданы сыйлоо аземине Кыргыз футбол биримдигинин биринчи вице-президенти Нурдин Букуев, КФБ Аткаруу комитетинин мүчөсү Аскар Салымбеков, Кыргыз профессионалдык футбол лигасынын вице-президенти Ильгиз Садыралиев жана «Абдыш-Ата» футболдук клубунун президенти Советбек Сакебаев катышты.
Кыргыз футбол биримдигинин жетекчиси чемпион командага 50 миң доллар сыйлык сертификатын ыйгарды.