Абдуллах Өжалан камактан бошошу мүмкүн

Автор

Түрк бийлиги мындан 25 жыл мурда Кенядан колго түшүрүп, өмүр бою камакка кескен Күрт козголоңчуларынын лидери Абдуллах Өжаланды үй камагына чыгарууну талкуулап жатат. Ал Күрдистан эмгекчилер партиясын түптөп, 1979-жылдан бери террористтик актыларды уюштурган. ПКК (PKK) терористтеринин колунан 30 миңдей түрк жараны көз жумганы айтылууда.
Кечээ парламенттеги улуттук партиянын (МHP) лидери Девлет Бахчели “эгер анын камактагы абалы өзгөрө турган болсо, эң ириде парламентке келип, бийик трибунадан өзү түзгөн террористтик уюмдун ишмердүүлүгү токтолгонун айтып, курал жарактарын тапшырышсын. Ошондо түрк бийлиги балким, ырайымдуулук кылат”,- деп маалымдады. Бирок, кээ бир саясатчылар Абдуллах Өжаландын камактагы абалынын өзгөрүшүнө каршы экендиктерин билдиришүүдө.
Белгилүү болгондой, ал Имралы деген аралдагы түрмөдө кармалып турат. Түрк жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы маалымдагандай, аны 700 гө жакын жандарма кайтарууга алган. Ал 14 жылда 2 миң 300 гө жакын китеп окуган.
Абдуллах Өжалан 1949-жылы туулган. 1984-жылы Анкара Университетин бүтүргөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Судан бийлиги атып түшүрүлгөн Ил-76 учагынын өлкөсүн аныктоо үчүн комиссия түздү

Судандык “Ыкчам аракеттер күчтөрү” атып түшүрүлгөн Ил-76 учагынын кайсы мамлекетке тиешелүү экенин аныктоо үчүн комиссия түзүштү. Бул тууралуу ыкчам күчтөрдүн кол башчысынын кеңешчиси Аль-Баша Табик билдирди. “Учакты идентификациялап, анын кайсы мамлекетке тиешелүү экенин жана анын ичинде кимдер болгонун аныктоо үчүн комиссия түзүлдү”,-деди Табик. Жүк ташуучу учак 21-октябрда түнкү үчтөрдө Судандын […]

Сизге жагышы мүмкүн