Абдувахаб Нурбаевге кимдер бут тосту?

Автор

“Альянс” партиясынын белдүү мүчөлөрүнөн Абдувахаб Нурбаевдин мандат алаары күтүлүп жаткан. Маалым болгондой, ал Өзбекстандык кримтөбөл Салимбай Абдувалиевден жан соога сураган Эмил Жамгырчиевден бошогон креслого көчүк басмак. Бирок, белгисиз себептерден улам анын сүйүнүчү курсагында калды.
Өткөн жумада мурдагы Ата-Мекенчи Айсулуу Мамашева мандат алып, “Альянстын” катарын толуктады. Мындан улам фракция лидери депутат Жанар Акаевге таарынычтар күчөгөнү айтылууда. Абдувахаб Нурбаевге кимдер бут тоскону азырынча белгисиз. Мунун жандырмагын жалгыз Жанар Акаевдин билгенин эске алганда партиянын ичи быкшып атабы?

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда эртең менен эки ирет жердин силкинүүсү сезилд

Кыргызстанда эртең менен эки ирет жердин силкинүүсү сезилди.Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдирди. Маалыматына ылайык, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында бүгүн саат 06:49да очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөөнүн очогу Алай тоо кыркаларында – Бор-Дөбө айылынан 15 чакырым түштүк-чыгышта, Сары-Таш айылынан 38 чакырым түштүк-чыгышта, Ош шаарынан 135 […]

Сизге жагышы мүмкүн