Аббас: БУУ Палестина маселесин чече алган жок

Автор

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) АКШнын басымынын айынан палестиналык маселени чече алган жок. Бул тууралуу Палестинанын президенти Махмуд Аббас Ново-Огарёвде Россиянын президенти Владимир Путин менен болгон жолугушууда билдирди.
“1947-жылдан бери БУУ Палестина маселеси боюнча Башкы Ассамблеяда жана Коопсуздук Кеңешинде 1000ден ашуун резолюция кабыл алган. Бирок АКШнын басымынын айынан БУУ өз миссиясын акырына чейин аткара албай, палестин элинин укуктарын камсыз кыла турган бирдиктүү резолюцияны кабыл ала алган жок”,-деди Аббас.
Ал Палестинанын бийлиги палестиналыктарды алардын аймактарынан мажбурлап чыгаруу аракеттерин кабыл алгыс деп эсептей турганын белгиледи.
“Биз Израилдин Газа тилкесинен, Батыш Иордан дарыясынан, Иерусалимден палестиналыктарды мажбурлап чыгаруу саясатынын улантылышын кабыл албайбыз”,-деди ал.
Аббас Путин менен болгон жолугушууда Россияны колдоорун да билдирди. “Урматтуу президент, сиз менен ар дайым баарлашуу, сиз менен кеңешүү мен үчүн чоң кубаныч. Биз сизге ишенебиз, сизге ишеним артабыз, сиздин колдооңузду сезебиз. Биз дагы, өз кезегибизде, сиз менен биргебиз”,-деди Палестинанын президенти

Бөлүшүү:
Next Post

Улуттук банк валюта рыногуна 59,8 млн доллар сатты

Кыргызстандын Улуттук банкы чет элдик валютаны сатуу боюнча интервенция жасады. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында айтылат. Маалыматка караганда, валюта рыногуна 59 млн 800 миң АКШ доллары сатылды. Белгиленгендей, бүтүмгө келишилген күндөгү эсептөөлөр менен 18,5 млн доллар жана бүтүмгө келишилген күндөн башка күндөгү эсептөөлөр менен 41,3 млн доллар сатылган. Улуттук банк […]

Сизге жагышы мүмкүн