Аба ырайы: 12 градуска чейин жылуу болот

Автор

22-декабрда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метр, Чүй облусунда 15-20 метрге чейин жетет. Жолдорго муз тоңуп, тайгалак болот.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз +5…+10,
Талас облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +4…+9,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -4…+1, күндүз +7…+12,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +2…+7,
Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -3…+2.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз +8…+10 градус жылуу болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкектик таэквондочулар эл аралык турнирде 20 медалга ээ болушту

Бишкектик таэквондочулар Казакстандын Алматы шаарында өткөн «Dream Cup Open 2023» эл аралык турниринде 20 медалга ээ болушту. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, 15-17-декабрь күндөрү өткөн олимпиадалык WT таэквондо боюнча мелдешке Раатбек Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары катышып, 5 алтын, 4 күмүш жана 11 коло медаль жеңди. […]

Сизге жагышы мүмкүн