Аба ырайы: Эртең жамгыр жаайт

Автор

Кыргызгидромет борборунун маалыматына караганда Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймагында, Талас, Ош, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абаддын тоолуу райондорунда жамгыр жаап, тоолорго кар түшөт.
Күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан, тоолуу райондорго кар жаашы мүмкүн.
Түндүк-батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9  метр, айрым аймактарда 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн +6…+11, күндүз +14…+19,
Талас облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +14…+19,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +21…+26,
Ысык-Көлдө түнкүсүн +6…+11, күндүз +13…+18,
Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +14…+19.
Бишкекте маал-маалы менен жамгыр жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11, күндүз +16…+18 градус болот

Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн