28-29-август күндөрү туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
ӨКМ билдиргендей, Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. 28-августта көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо жаан карга айланышы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Мындай туруксуз аба-ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жана жайыттарда малды кармоону, айыл чарба жумуштарын кыйындатат.