Аба ырайы: Жамгыр жаашы күтүлөт

Автор

Кыргызгидромет билдиргендей, 11-октябрга караган түнү Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан жаайт.
Күндүз Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым аймакта 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +15…+20,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз +14…+19,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +20…+25,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +4…+9, күндүз +16…+21,
Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +15…+20.
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12, күндүз +17…+19 градус жылуу болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Ноябрда кыргызстандыктар 4 күн катары менен эс алат

Ноябрь айында кыргызстандыктар 4 күн катары менен эс алат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, беш күндүк график менен иштеген жарандар 7нен 10-ноябрга чейин эс ала алышат. 7-8-ноябрь – Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү болгондуктан, эс алуу күнү болуп саналат. Аталган күндөр төртүнчү жана бешинчи […]

Сизге жагышы мүмкүн