Украинанын президенти Владимир Зеленский абактагыларды айрым категориялар боюнча мобилизациялоого байланыштуу мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Жогорку Раданын расмий сайтында маалымдалды.
Мобилизация категориясына 20 миңге жакын адам кирет.
Бул категорияга эки же андан көп адамды атайылап өлтүрүү, зордуктоо, улуттук коопсуздукка жана коррупцияга каршы кылмыштар үчүн соттолгондордун тиешеси жок. Ошондой эле учурда абакта отурган мурдагы министрлер же депутаттар чакырылбайт.