Абада учактын эшигин ачкан адам жоругун айтты

Автор

Түштүк Кореянын Asiana Airlines учагынын авариялык эшигин 213 метр бийиктикте ачкан жүргүнчү полицияга тез эле чыгып кеткиси келгенин айткан.
33 жаштагы кишинин айтымында, ал жумушунан айрылып калам деп абдан тынчсызданып, шашкан.
Ал адам камакка алынган жана авиациялык коопсуздук мыйзамын бузган деген айып менен 10 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Мындан тышкары полиция кореялыктын акыл-эси жайында экенин текшерет.
26-майда бир адам учуу учурунда учактын авариялык эшигин ачкан.
Чеджу аэропортунан Дегу эл аралык аэропортуна учуп бараткан Түштүк Кореянын Airbus А321-200 учагы авариялык абалда конууга аргасыз болду.
Жалпысынан учакта 194 адам болгон, 12 адам жеңил жаракат алган.

Бөлүшүү:
Next Post

Балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу маселеси талкууланды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун төрагалыгы алдында балдардын жайкы эс алуусун коопсуз өткөрүү боюнча республикалык штабдын жыйыны өттү.   Жыйындын жыйынтыгында республикалык штабдын чечими менен жергиликтүү бийлик органдарына жана тиешелүү мамлекеттик органдарга балдардын бош убактысын жана коопсуз эс алуусун камсыз кылуу тапшырмасы берилди.   Ошондой эле аз камсыз […]

Сизге жагышы мүмкүн