Экономика министрлиги көчөдө соода кылгандарды дагы көзөмөл-кассалык аппарат колдонууга милдеттендирилет. Ведомствонун токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Документте көчөлөрдө мөмө-жемиш, улуттук жана муздак суусундуктарды, сүт продукциясын, гезит-журналдарды жана башка товарларды саткандар кийинки жылдын 1-январынан тарта ККМ орнотуп, колдонушу керектиги айтылат