Экономика министринин  4 орун басары кыскарды

Автор

Экономика министринин орун басарларынын саны 4 адамга кыскарды. Бул тууралуу  Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун министрлер кабинетинин  кезектеги жыйынында белгилүү болду.

Акылбек Жапаров  жыйынды ачып жатып, президенттин Алымкадыр Бейшеналиевди саламаттык сактоо министри, Гүлнара Баатырованы эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри, ошондой эле санариптик өнүктүрүү министри болуп дайындалган Нурия Кутнаеваны дайындоо жөнүндө жарлыктарын окуп берди.

МинКаб башчысы мамлекет башчысынын көрсөткөн ишенимин актап, үч министрликтин жетекчилигине коюлган бардык милдеттерди аткаруу зарыл экенин белгиледи.

Андан соң министрлер кабинетинин мүчөлөрү отурумдун күн тартибинде белгиленген маселелерди кароого киришти.

Министрлер кабинетинин отурумунун экономика жана коммерция министринин орун басарларынын санын кыскартуу жөнүндө чечим кабыл алынды.Чечим Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин системасын оптималдаштыруу жана ишин натыйжалуу уюштуруу максатында кабыл алынды.

Ошондо, кабыл алынган чечимге ылайык, экономика жана коммерция министринин орун басарларынын саны 4 адамга кыскарды.

Бөлүшүү:
Next Post

"Элдик" депутаттык тобу БШКны сындады

Өмүрбек Бакировдун ордуна келген депутат Равшан Рысбаевди “Элдик” депутаттар тобу кошпой койдубу? Кечээ аталган топтун депутаттары Акылбек Түмөнбаев менен Дастан Жумабеков БШКны сындап, Өмүрбек Бакиров мандатынан мыйзамсыз кол жууган деп билдиришти. Бирок, жыйында катышып отурган Равшан Рысбаев коллегаларына жооп берген жок. Анын мындай аракетин коомчулук сынга алды. Равшан Рысбаев ант […]

You May Like