Ысык-Көлдө күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Автор

Ысык-Көл облусунун аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 6-октябрь түнү саат 00:43тө Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ак-Суу районунун Эңилчек, Кургак айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Бөлүшүү:
Next Post

Аптанасаат: Байлык - кубаныч эмес

Улуу-Чай деген дарыя боюнда бир тоолук олтурду. Жанында бир кап пияз. Ал пияздан жеп коюп, ыйлап олтурат. – Кандай балаага кабылдың, шордуу байкуш? – деп сурады өтүп бараткан киши. – Базарга шашып баратам. Дарыядан сүзүп өтүш керек. Бир кап пияз суунун түбүнө тартып кетеби деп корком. Жеп салайын деп чечтим. […]

You May Like