Шайлообек Атазов токтомдун аткарылышын талап кылды

Автор

Эдил Байсалов боюнча депутаттардын кабыл алган токтому аткарылган жок. Депутат Шайлообек Атазов токтомдун аткарылбай жатканын парламенттин эсине салды. Ал бизге берген маегинде “Эдил Байсалов парламенттин беделин түшүрүп, депутаттарга акаарат айткан, анын биз менен иштешүүгө укугу жок. Өлкө башчылары деле депутат болушкан. Мени түшүнүү менен кабыл алышат го деп ойлойм”,- деди.

Парламент ушул жылдын июнунда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловду кызматтан кетирүү сунушун өлкө башчысына жөнөтүү боюнча токтомун токуган. Бирок, токтом али күнгө чейин аткарыла элек.

Бөлүшүү:
Next Post

Мамлекеттик кызматкерлерге iPhone колдонууга тыюу салынды

Кытай бийлиги мамлекеттик кызматкерлерге Apple компаниясынын iPhone телефондорун колдонууга тыюу салды. Чет элдик түзмөктөргө чектөө киргизүү Пекиндин чет элдик технологиядан көз карандылыкты азайтуу кампаниясындагы акыркы кадам болуп саналды. iPhone жана башка чет өлкөлүк түзмөктөрдү жумушка колдонууга же кеңсеге алып кирүүгө тыюу салынган.  Талдоочулар Кытай бийлигинин аракеттери Apple компаниясынын Кытайдагы ийгилигине […]

You May Like