Чолпон-Ата шаарында самбо боюнча Дүйнө кубогу өтөт

Автор

Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарында самбо боюнча Дүйнө кубогу өтөт. Мелдешке 15ке жакын өлкөдөн 400дөй спортчу катышат.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, иш-чара 22-23-август күндөрү Чолпон-Атадагы “Газпром-балдарга” ден соолукту чыңдоо борборунда өтөт.

Эркектер жана кыз-келиндер арасындагы күжүрмөн жана спорттук самбо боюнча Дүйнө кубогуна төмөнкү салмак категорияларда беттештер өтөт:

 

Эркектер (спорттук самбо): 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98+ кг;

Кыз-келиндер (спорттук самбо): 50, 54, 59, 65, 72, 80, +80 кг;

Эркектер (күжүрмөн самбо): 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98+ кг;

Кыз-келиндер (күжүрмөн самбо): 59, 65, 72 кг.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын ноябрында Кыргызстанда биринчи жолу самбо боюнча Дүйнө чемпионаты өткөн.

Бөлүшүү:
Next Post

11-августта күтүлгөн  аба ырайы

11-августта түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.   Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.   Абанын температурасы:   Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 17…22, күндүз 29…34; […]

You May Like