Төө-Ашууда оор жүк ташуучу унааларга чектөө алынды

Автор

Бишкек-Ош унаажолунун Төө-Ашуу ашуусуна чыгып бараткандагы “Сосновка” постунда жүк ташыган транспорттордун каттамына киргизилген убактылуу чектөө кайра алынды. Бул тууралуу 1-ноябрда Транспорт жана коммуникация министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык,  чектөө 31-октябрда аба ырайынын кескин начарлашынан улам коюлган. Маалыматка караганда, кар жаап, аталган автоунаа жолунун 124-136-чакырым аралыктарында жүрүү татаал болуп калган. Анда тазалоо, кум себүү иштери жүргүзүлдү.

Министрлик тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырууга чакырат.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда 10 айдын ичинде 56 миң 866 жаранга пенсия чектелди

Кыргызстанда 2023-жылдын январь-октябрь айларында 56 миң 866 жаранга пенсия дайындалып чектелди. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти. Маалыматка ылайык, анын ичинде үстүбүздөгү жылдын октябрь айында 2 миң 393 жаранга пенсия чектелди. “Андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 1041 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди”, – […]

You May Like