Тим Цзю WBO боюнча дүйнө чемпиону болду

Автор

Атактуу мушкер Тим Цзю 69,9 кг салмакта Дүйнөлүк бокс уюмунун чемпиондук курун жеңип алды. Дүйнөнүн мурдагы абсолюттук чемпиону Константин Цзюнун уулу  бул үчүн рингге чыгуунун да кереги жок болуп калды.

Дүйнөнүн мурдагы чемпиону Жермел Чарло мексикалык Сауль Альвареске каршы күрөшкө катышкандан кийин дароо титулунан ажыратылган. Америкалык мушкер титулду коргоо үчүн кичи Цзю менен беттешүүгө милдеттүү болгон, бирок андан баш тарткан.

Эске салсак, 28 жаштагы Цзю профессионалдык карьерасында бир дагы жеңилүү ызасын тарткан эмес. Анын 23 жеңиши бар, анын 17син нокаут менен уткан.

 

Бөлүшүү:
Next Post

3-октябрда күтүлгөн аба ырайы

3-октябрда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.   Абанын температурасы:   Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 18…23,   Талас жергесинде түнкүсүн 1…6, күндүз 16…21,   Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 8…13, күндүз […]

You May Like