Азыркы учурда ички валюта рыногунда абал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук банкы билдирди. Маалыматка ылайык, Улуттук банк чет өлкө валютасынын сомго карата алмашуу курсу ички валюта рыногунда эркин түзүлүп, валютага болгон суроо-талаптын жана сунуштун негизинде аныктала тургандыгын белгилейт. Ушуга байланыштуу курстун өсүшү сыяктуу эле төмөндөшү жагында өзгөрүлмөлүүлүктү байкоого болот. […]