Пентагон Украинага ураны бар ок-дарылар берилерин жарыялады

Автор

Пентагон Украинага жаңы 175 миллион долларлык аскерий жардам пакетин жарыялады.  Пакеттин ичинде Абрамстын танктары үчүн  ураны бар снаряддар бар.  Бул тууралуу АКШнын Коргоо министрлигинин сайтында маалымдалды.
АКШнын Украинага аскерий ок-дарыларынан тышкары төмөнкүлөрдү камтыйт:
Абадан коргонуу системалары үчүн жабдуулар. Жогорку мобилдүү ракеталык жана артиллериялык системалар үчүн кошумча ок-дарылар.
155 мм жана 105 мм калибрдеги артиллериялык снаряддар. Минометтук системалар. Танкка каршы системалары. Тактикалык аэронавигациялык жана коопсуз байланыш системалары.  Пентагондун айтымында, учурдагы жардам пакети АКШ президенти Жо Байдендин администрациясынын 2021-жылдын августунан бери Украинага берилген 46-траншы болот. Кошмо Штаттары Украинага азайып калган уран снаряддарын берген биринчи өлкө эмес.  Март айында Британиянын Коргоо министрлиги мындай снаряддарды Челленджер-2 танктары менен камсыздай турганын билдирген.

Бөлүшүү:
Next Post

Адахан Мадумаровдон кийин Нурлан Сулаймановбу?

Баткендеги чек ара тилкеси боюнча айыпталып, камакка алынган Адахан Мадумаровдун тарапташтары нааразычылык билдирип жатышат. Алар учурда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кеңешчиси делген Нурлан Сулаймановду дагы кошо жоопко тартууну суранышууда. Анткени, ал ошол кезде транспорт министри катары сүйлөшүүлөргө катышканы айтылууда. Эгер “бармак басты көз кысты” болсо, анда Адахан Мадумаровду камоо […]

You May Like