Ош шаарында арзан көмүр саткан жайлар уюштурулду. Даректери

Автор

Ош шаарында арзан көмүр саткан үч жай ачылды. Бул тууралуу “Т-Медиага” Кыргызкөмүр ишканасынан билдиришти. Кампаларда кара алтындын килограммы 7 сомдон 11 сомго чейин сатылууда. Даректери:

– Жибек-Жолу МАБынын Айни көчөсүндө;

– Жапалак МАБынын Татар айылындагы Уларов көчөсү;

– Учар, Дача участоктору (122-маршруттук каттамдын акыркы аялдамасы) сатылууда.

Бул жайларга көмүр мамлекеттик “Загара” кенинен алынып келинип жатат. Бирок бир тоннадан ашык сатып алууга чектөө киргизилген. Кыргызкөмүр буга жарандардын кара алтынды көп өлчөмдө алып, кайра сатып атканы себеп болгонун кошумчалады.

Мындай пункттан Ош облусу боюнча 12 жай уюштурулган.

Былтыр көмүрдүн баасын 5 сомдон 8 сомго чейин болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Стамбул шаарынын мэри Кыргызстанга келеби?

Стамбул шаарына жумушчу сапарынын алкагында Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Стамбул шаарынын мэри Экрем Имамоглу менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди, өзгөчө аймактык деңгээлде чыңдоонун маанилүүлүгүн баса белгилешти. Боордош шаарлардын мамилелери боюнча колдогу келишимдин алкагында Ош жана […]

Сизге жагышы мүмкүн