Окуу жылы 1-сентябрда башталат

Автор

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары үчүн 2023-2024-окуу жылынын базистик окуу пландарын бекитүү жөнүндө” №4882/1 буйрукка кол койду.

Буйрукка ылайык, өлкөдө бардык мектептерде 2023-2024-окуу жылы 1-сентябрда башталып, 2024-жылдын 25-майында аяктайт.

2023-2024-окуу жылына мектеп каникулдарынын графиги да бекитилди:

— күзгү каникулдар – 7 календардык күн: 2023-жылдын 6-ноябрынан 12-ноябрына чейин созулуп, сабактар 2023-жылдын 13-ноябрынан башталат;

— кышкы каникулдар — 14 календардык күн: 2024-жылдын 1-январынан 14-январына чейин созулуп, сабактар 2024-жылдын 15-январынан башталат;

— жазгы каникулдар — 11 календардык күн: 2024-жылдын 21-мартынан 31-мартка чейин созулуп, сабактар 2024-жылдын 1-апрелинен башталат.

 

Биринчи класстардын окуучулары үчүн III чейректе кошумча бир жумага жазгы каникул күндөрү узартылат.

Бөлүшүү:
Next Post

“Манчестер Сити”  УЕФАнын Суперкубогун жеңип алды

УЕФАнын Суперкубогу үчүн болгон беттеште англиялык “Манчестер Сити” Пирей шаарындагы “Георгиос Карайскакис” стадионунда Испаниянын “Севилья” командасын утуп алды. Негизги убакыт тең чыгуу менен аяктады – 1:1. 25-мүнөттө эсепти “кызыл-актардын” чабуулчусу Юсеф Эн-Несири ачып, ага Маркос Акуна жардам берди. «Ситиде» 63-мүнөттө Коул Палмер Родригонун трансферинен гол киргизди. Пенальтилер сериясында манчестардык оюнчулар […]

You May Like