Нурлан Кудайбердиев Мугалимдерди куттуктады

Автор

Ардактуу агайлар жана эжейлер! Бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм. Окуучуларыбыз Сиздер берген багыт боюнча чоңоюп, замандын талаптары менен жарышып келет. Сиздердин эмгек ар бир окуучунун күнүмдүк жашоосунда болсун, келечек тагдырында болсун терең орун алат. Сиздердин аракет эл аралык аренада башка өлкөлөрдүн устаттарынын берген билимдери менен салыштырылат.

Ардактуу агай, эжейлер! Ары татаал, ары баалуу кесипти аркалап келесиздер. Сиздерге бекем ден-соолук, ишиңиздерге ийгилик каалайм! Ар дайым илимге, билимге, жана жаңычылдыкка умтулган окуучуларды тарбиялооңуздарга тилектешмин.

Нурлан Кудайбердиев   Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемесинин президенти

Бөлүшүү:
Next Post

Коомдон криминалды тазалоо зарыл дейт

Бишкекте өткөн атайын операция боюнча өзүнүн пикирин билдирген УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков УКМКнын криминалдык элементтер менен күрөшүүсүн колдоп, укук коргоо органдары жогорку деңгээлде иш алып барууда деди. “Криминал бүгүнкү күндө аябай байыган. Керек болсо, кээ бир чиновниктер менен чырмалышып калган учурлары бар. Алардын анабашылары ашынып кетишкендиктен коомго, […]

You May Like