Кытайдын мурдагы премьери көз жумду

Автор

Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин мурдагы премьери Ли Кэцян 27-октябрда 68 жашында Шанхайда каза болду.
Мамлекеттик ишмердин 26-октябрда капыстан жүрөк оорусу кармап, 27-октябрда көз жумган.
Ли Кэцян 1997-жылдан бери Кытайдын Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин мүчөсү.   2008-жылдын мартында Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин биринчи вице-премьер-министри болуп дайындалган. Бул кызматта өнүктүрүү жана реформалар, энергетика, курулуш жана саламаттыкты сактоо боюнча жооптуу болгон.
Ли Кэцян 2013-жылдан 2023-жылга чейин эки жолу беш жылдык мөөнөткө премьер-министр болуп иштеген.  Март айында анын ордуна Кытайдын Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун туруктуу комитетинин мүчөсү Ли Цян келген.

Бөлүшүү:
Next Post

Актан Арым Кубатка Франциянын сыйлыгы тапшырылды

Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү кинорежиссёр Актан Арым Кубатка Франциянын Искусство жана адабият орденинин кавалери наамы тапшырылды. Сыйлыкты Франциянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Франсуа Делаус тапшырган. Өз кезегинде режиссёр Актан Арым Кубат чыгармачылыгына берилген баа үчүн Франция элине жана элчи Франсуа Делауска ыраазычылык билдирди. Сыйлык тапшыруу аземине  көрүнүктүү кино ишмерлери, […]

You May Like