“Кыргызстандын улуттук электр тармактары” күз-кыш мезгилине 85 пайыз даяр. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, калган жумуштар октябрь айынын аягында толугу менен жыйынтыкталат.
Учурда көмөк чордон, ток өткөргөн линиялар жана тийиштүү жабдыктар оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат.