Кыргызстанда кыш мезгилинде канча тонна көмүр керектелет?

Автор

2023-2024-жылдын кыш мезгилинде кыргызстандыктар жалпы 2 млн 746 миң тонна көмүр керектейт. Бул тууралуу Бишкектеги  маалымат жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

Анын айтымында, анын ичинен бюджеттик мекемелерге 298 миң 900 тонна тартылат, учурда анын 21 миң 48 тоннасы камсыз болду.

“Ал эми Кыргызстандын калкы үчүн 1 млн 247 миң тонна көмүр керектелет, учурда камсыздоо 233 миң 300 тоннаны түзөт”, – деди Ибраев.

Министр кошумчалагандай, Бишкек ЖЭБи 1 млн 200 миң тонна көмүр сарптайт, анын 600 миң тоннасы Казакстандан, калганы жергиликтүү көмүр кендеринен алып келинет.

“Азыркы учурда ЖЭБге 280 тонна көмүр жеткирилди. Быйылкы жылы көмүрдүн тоннасы 4,5 – 5 миң сомго чейин болот”, – деди ал.

Бөлүшүү:
Next Post

Фукусима-1ден суу чыгаруунун биринчи этабын аяктады

Япониянын “Фукусима-1” атомдук электр станциясынын оператору океанга суу агызуунун алгачкы этабы аяктаганын жарыялап,  станциядан 7,8 миң тонна суу чыгарылганын кабарлады. Адистер жабдууларды текшерип, экинчи этабын чыгарууга даярдык көрүүнү баштаганы жатышат. Буга үч жумадай убакыт кетиши мүмкүн. 24-августта Япония өзөктүк отун эрип кеткен Фукусима-1 атомдук электр станциясынын авариялык реакторлорун муздатуудан улам […]

You May Like