Кыргызстанда ЖОЖдорго абитуриенттерди кабыл алуунун IV туру башталды

Автор

Бүгүн, 7-августта Кыргызстанда жогорку окуу жайларга абитуриенттерди тандоонун жана кабыл алуунун IV туру башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин ЖОЖдорго кабыл алуунун I, II, III турунда 20 миң 278 абитуриент кабыл алынды.

Эскерте кетсек, 2023-2024-окуу жылына карата жогорку окуу жайларына тандоо “Абитуриент онлайн” автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу төрт тур менен жүргүзүлөт. Абитуриенттер ЖОЖдун жайгашкан жерине барбай эле электрондук формада арыз бере алышат.

Бөлүшүү:
Next Post

Газдалган суусундуктарды кимдер ичпеши керек?

Газдалган суусундук – көмүр кычкыл газына каныккан жөнөкөй минералдык же ароматтуу суудан жасалган суусундук. Суунун газдашуу даражасы боюнча үч түрү бар: бир аз газдалган, орточо жана күчтүү. Эгерде сиз газдалган суусундуктарга берилип кетсеңиз, анда төмөнкү оорулар пайда болушу мүмкүн: Остеопороз, сөөктүн морттугу. Кариес, тиш эмалынын бузулушу, тиштин түшүүсү. Бөйрөктөгү таштардын […]

You May Like