Курултайга 700 делегат катышат

Автор

Элдик Курултай ушул жылдын 15-декабрында Бишкек шаарында өткөрүлөт. Жарлыктын негизинде жер-жерлерден, этностук өкүлчүлүктөрдөн жана чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан 700 делегат шайланып келет. Бул тууралуу  Элдик Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин биринчи жыйынында белгилүү болду.

 

Жыйында Элдик Курултайга этностук өкүлчүлүктөн делегаттарды шайлоо, чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынын ичинен делегаттарды шайлоо боюнча нускамалар, жергиликтүү жамааттардын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүү боюнча тиешелүү аймакты бөлүктөргө бөлүү ченеми боюнча түшүндүрмө, жыйындарды өткөрүү боюнча бирдиктүү протоколдордун үлгүлөрү жана иш-чаралардын планы уюштуруу комитетинин жалпы мүчөлөрүнүн добушу менен бекитилип, ага ылайык тиешелүү тапшырмалар берилди.

Бөлүшүү:
Next Post

Быйыл сегиз айда 48,8 миң адамга пенсия берилди

2023-жылдын январь-август айларында 48 миң 838 жаранга пенсия дайындалып, чектелди. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматы кабарлады. Ошонун ичинде 2023-жылы август айында 4220 жаранга пенсия чектелди, андан тышкары эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 1164 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди. Бөлүшүү:

You May Like