КР сурдо эркин күрөшү боюнча өспүрүмдөр курамасы Дүйнө чемпионатында 4 медаль жеңди

Автор

Кыргызстандын сурдо эркин күрөшү боюнча өспүрүмдөр арасындагы курама командасы Дүйнө чемпионатында 1 алтын, 1 күмүш, 2 коло медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, 65 кг чейинки салмакта Артур Акопян алтын медалга ээ болду. Ал эми Тариэл Садырбеков 55 кг чейинки салмак категориясында күмүш тагынды. Ошондой эле 48 кг чейинки салмакта Арлен Уланов жана 71 кг чейинки салмак категориясында Бексултан Сабыралиев коло медалга ээ болушту.

 

Белгилей кетсек, курама командалык эсеп боюнча 2-орунду ээледи. Ал эми 1-орунду Казакстан жана 3-орунду Америка Кошмо Штаты (АКШ) камсыз кылды.

 

Эскерте кетсек, мелдештер Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүп жатат. 3-сентябрда башталган чемпионат 11-сентябрда жыйынтыкталмакчы

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда кыш мезгилинде канча тонна көмүр керектелет?

2023-2024-жылдын кыш мезгилинде кыргызстандыктар жалпы 2 млн 746 миң тонна көмүр керектейт. Бул тууралуу Бишкектеги  маалымат жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди. Анын айтымында, анын ичинен бюджеттик мекемелерге 298 миң 900 тонна тартылат, учурда анын 21 миң 48 тоннасы камсыз болду. “Ал эми Кыргызстандын калкы үчүн 1 млн 247 миң […]

You May Like