КМШ мамлекеттеринин ТИМ башчыларынын кеңешинин отуруму башталды

Автор

Бишкек шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин төрагалыгы алдында КМШга катышуучу мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин отуруму башталды.

Жыйында  КМШга катышуучу мамлекеттердин тышкы саясат ведомстволорунун жетекчилери 13-октябрда Бишкек шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өтүүчү КМШ Мамлекет башчылар кеңешинин отурумуна даярдык көрүү маселелерин талкуулашат.

Ошондой эле КМШга катышуучу мамлекеттердин кызматташтыгынын күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Бийлик Microsoft компаниясын салык төлөбөгөнгө айыптады

Microsoft АКШнын салык башкармалыгы тарабынан 2004-жылдан 2013-жылга чейин 28,9 миллиард доллар төлөнбөгөн салыктар боюнча билдирүү алган. Компания бул көрсөткүч менен макул эмес жана буга чейин эсепке алынбаган салык катары 10 миллиард доллар төлөгөндүгүн айтууда. Microsoft аталган башкармалыкка кайрылууга ниеттенүүдө, бул процесс бир нече жылга созулат. АКШнын бийлиги буга чейин ири […]

You May Like