Россиянын алтын-валюта кору май айында 11,6 миллиард долларга азайып, 584,2 миллиард долларга жеткен. Москва эң ири эл аралык активдери бар экономикалардын ичинен Индияга төртүнчү орунду алдырды. Индия менен Россия 2015-жылдан бери бул көрсөткүч боюнча атаандашып келет. 2022-жылы Москва Индиянын 532 миллиард долларына карата 540 миллиард доллар активдери менен төртүнчү орунга […]
Экономика
Forbes эң күчтүү жана алсыз валюталарды атады
Forbes журналы дүйнөдөгү эң күчтүү жана алсыз валюталарды талдады. Рейтинг чет элдик валютанын АКШ долларына карата курсунун негизинде түзүлдү. Улуттук банктын сайтындагы маалыматтардын негизинде төмөндөгү валюталардын сомго карата расмий курстарын тизмеге киргизебиз. 10 күчтүү валюталар: Кувейт динары (1 KWD = 286,9974 сом); Бахрейн динары (1 BHD = 233,13 сом); Оман […]
Кыргызстандын ИПДсы 4.4%га көбөйдү
Үстүбүздөгү жылдын январь-апрелинде ички дүң продуктынын көлөмү алдын-ала баалоо боюнча 264.5 млрд сомду түздү жана 2022-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 4.4%га көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Алдын ала маалымат боюнча, 2023-жылдын январь-апрелинде өнөр жай продукциясынын көлөмү 131.1 млрд сомду түздү. 2022-жылдын январь-апрелине салыштырмалуу химиялык продукциянын (32%), текстиль өндүрүшү, кийим […]
Президент: Дефолт болсо, бүт дүйнө кыйынчылыкка кабылат
АКШнын президенти Жо Байден Нью-Йоркто сүйлөгөн сөзүндө Кошмо Штаттардагы мүмкүн болгон дефолт бүткүл дүйнөнү кыйынчылыктарды алып келерин айтты. Анын айтымында, азыркы кризисти республикачылар түздү. Ал дефолтко учураган учурда өлкөнүн экономикасы рецессияга түшүп, Вашингтондун эл аралык аброюуна чоң доо кетерин баса белгиледи. “Эгер биз карызыбыздан улам дефолт болсо, бүт дүйнө кыйынчылыкка […]
G7 өлкөлөрү экологияга 100 миллиард доллар бөлөөрүн билдиришти
G7 өлкөлөрүнүн климат, энергетика жана айлана-чөйрө министрлери 2023-жылы климатты каржылоо боюнча жылына 100 миллиард доллар өлчөмүндө бөлүү ниетин билдиришти. Саппородогу эки күндүк жыйындын соңунда температуранын жогорулашын орточо градуста кармап туруу үчүн зарыл болгон инвестициялык боштукту жабуу, климаттын өзгөрүүсүндөгү тобокелчиликтерден коргоо үчүн чукул өзгөртүүлөр зарыл экени айтылды. Жыйындын 2025-жылга чейин жылына […]
Канттын баасы көтөрүлдү
Ак канттын баасы 2011-жылдан берки эң жогорку чекке көтөрүлдү. 11-апрелде биржада баа тоннасына 705,5 долларга жеткен. Bloomberg белгилегендей, Индиядан кант экспортунун кыскарышы, ошондой эле башка өлкөлөрдөн, анын ичинде Таиланддан жана Пакистандан ташып келүүнүн азайышы баанын көтөрүлүшүнө себеп болгон. Мындан тышкары Бразилияда бензиндин кымбатташынан улам кантты эл аралык жеткирүү азайып баратат. […]