Бүгүн, 21-мартта Бишкек шаарында Нооруз майрамына арналган көк бөрү боюнча республикалык мелдеште жогорку лигада Таластын “Ынтымак” командасы жеңүүчү аталды. Беттеш 3:2 эсебинде «Ынтымактын» жеңиши менен аяктады. “Нооруз-2024” аталышындагы көкбөрү боюнча республикалык мелдеш бир нече күн мурун башталган.
Спорт
Бүгүн “Ак шумкарлар” Кытайдын “Тайбэй” командасы менен беттешет
Бүгүн, 21-марта Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын квалификациялык раунду алкагында Кытайдын “Тайбэй” командасы менен кез келет. Үчүнчү турдун алкагында орун ала турган бүгүнкү беттеш Гаосюн шаарынын “Наньцзы” стадионунда өтөт. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө старт алат. Оюнду БАЭнын рефери Яхья Али Алмулла тейлейт. “Ак шумкарлар” […]
Дүйнөнүн эң мыкты футбол академиялары аталды
Эл аралык спорттук изилдөөлөр борборунун (CIES) эксперттери дүйнөдөгү футбол чемпионаттарындагы абалды талдап, “Барселона” менен “Реал Мадриддин” окуучулары эң көп суроо-талапка ээ деген тыянакка келишти. Дүйнө жүзү боюнча 60 футбол лигасында жүргүзүлгөн байкоолордо 101 оюнчунун “Барселона” менен “Реал Мадриддин” академиясынын диплому бар экени аныкталган. Мында 15 жаштан 21 жашка чейин бул […]
Париж-2024: Орусиялык спортчулар медалдык таблицага кирбейт
2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарында орусиялык спортчулар медалдык таблицага катышпайт. Буга чейин Париждеги оюндарга эң көп дегенде 55 россиялык катыша турганы айтылган. Мындан тышкары Эл аралык Олимпиада комитети (МОК) бейтарап спортчулардын желегин жана гимнин бекитти. Алар жеңишке жетишсе, AIN (жеке нейтралдуу спортчулар) гимни ойнолот, деп билдирди уюм. Ошондой эле […]
Париж-2024: Орусиялык спортчулардын желеги белгилүү болду
2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарында Орусия менен Беларустун спортчуларынын желеги белгилүү болду Буга чейин Париждеги оюндарга эң көп дегенде 55 россиялык катыша турганы айтылган. Буга чейин 12 спортчу жолдомо алган. Эскерте кетсек, Эл аралык Олимпиада комитети (МОК) орусиялыктар менен беларустарга Олимпиадага катышууга бардык критерийлерди эске алуу менен бейтарап статуста […]
Париж -2024: Олимпиадага болгону 55 орусиялык спортчу катышат
2024-жылы Парижде өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына эң көп дегенде 55 орусиялык спортчу ат салышат. Буга чейин 12 спортчу квалификациядан өткөнүн Эл аралык Олимпиада комитети билдирди. Ошондой эле Эл аралык Олимпиада комитети Орусия менен Беларустун бейтарап спортчулары үчүн желекти жана гимнди бекиткени белгилүү болду. Медалдардын эсебинде спортчулардын аты аталбайт . […]