Бүгүн “Ак шумкарлар” кытайлык Тайбэй менен беттешет

Автор

Бүгүн, 26-мартта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Кытайдын Тайбэй командасы менен беттешет. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди. Маалыматка ылайык,оюн кечки саат 20:00дө башталат. Эске салсак, 21-мартта Гаосюн шаарындагы «Наньцзы» стадионунда өткөн коноктогу мелдеште Кыргыз Республикасынын Улуттук курамасы 2-0 эсебиндеги жеңиши менен аяктаган. Андагы […]

Кыргызстандык боксчулар Россиядагы дүйнө кубогуна катышууда

Автор

Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасы эркектер жана кыз-келиндер арасындагы Ф.К. Салмановдун жаркын элесине арналган ХХ дүйнө кубогуна катышууда. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет. Маалыматка ылайык, Кубок Россиянын Нижневартовск шаарында 25-29-март күндөрү өтөт. Курама команданын тизмеси: – 51 кг Бекзат Эргешов; – 57 кг Ислам Төрөбаев; – […]

Кыргызстандык дзюдочулар Түркиядагы эл аралык мелдешке катышат

Автор

Кыргызстандын дзюдо боюнча улуттук курама командасы “Гранд-Слам Анталия” эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Мелдеш Түркиянын Анталия шаарында 29-31-март күндөрү өтөт. Курама команданын тизмеси: Кубанычбек Айбек уулу (66 кг); Асад Масабиров (81 кг); Эрлан Шеров (90 кг). Эскерте кетсек, курама команда башкы машыктыруучу Абдужалил […]

Париж -2024: Жолдомо алууга 4 балбан күрөшөт

Автор

Париж Олимпиада оюндарына жолдомо бере турган Азиялык лицензиялык мелдешке Кыргызстандын атынан грек-рим күрөшү боюнча 4 балбан күрөшөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментине билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган мелдеш 19-21-апрелде Бишкекте өтөт. Лицензиялык мелдешке катыша турган балбандардын тизмеси: Амантур Исмаилов — 67 кг Асан Жанышов — 87 кг Үзүр Жузупбеков […]

Килиан Мбаппенин “Реал Мадрид” өткөндүгү качан жарыяланат?

Автор

“Реал Мадрид” клубу атактуу чабуучу Килиан Мбаппе менен келишимге кол койгонун жарыялоого шашылган жери жок. Айрым дүйнөлүк спорт басылмаларынын маалыматына караганда аны “Евро-2024” чемпионаты башталганга чейин жарыяланышы мүмкүн. RMC Sport билдиргендей “Реал Мадрид” жана “Пари Сен-Жермен” клубдары Чемпиондор Лигасында ойногонго чейин көптөн күткөн трансферди жарыялабайт. Буга чейин Франция курама командасынын […]

Кыргызстанда керлинг боюнча өлкө чемпионаты өтөт

Автор

Бишкекте 30-мартта биринчи жолу керлинг боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу спорттун аталган түрү боюнча федерациядан билдиришти. Чемпионат “Локомотив” муз комплексинде өтөт. Ага өлкөнүн ар бир облусунан тандоо этаптарынан ийгиликтүү өтүп, беш командага бөлүнгөн чоңдордон турган спортчулар аралаш жуптарда (кош микс) катышат. Иш-чара кёрлингге спорттун түрү катары коомчулуктун көңүлүн буруу, […]