Албанияда 23 жашка чейинки (U-23) балбандар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионаты уланууда. Бүгүн, 23-октябрда дүйнө чемпионатынын үчүнчү күнүндө аялдар күрөшү боюнча таймаштар башталып, балбан кыздар 50, 55, 59, 68, 76 кг салмактарда күч сынашат. Кыргызстандык спортчу кыздардан бүгүн Арууке Кадырбек кызы (55 кг), Сезим Жуманазарова (57 кг) жана Нурзат Нуртаева […]
Спорт
Криштиану Роналдунун айлык акысы ачыкталды
“Аль-Наср” клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду Сауд Аравиясынын эң көп маяна алган футболчусу экендигин чет элдик спорт басылмалары жазып чыгышты. 39 жаштагы португалиялык чабуулчу жылына 263 миллион евро киреше тапса, анын 60 миллион евросу жарнамадан түшкөн. Экинчи орунда жылына 102 миллион евро кирешеси менен “Аль-Хилалдан” Неймар турат, анын 74 миллиону анын […]
Раззак Бейшекеев 23 жашка чейинкилер арасында дүйнө чемпиону болду
Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Раззак Бейшекеев Албаниянын Тирана шаарында 23 жашка чейинкилер арасында өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, спортчу 67 кг чейинки салмакта катышууда. Алгач 1/16 финалдык беттеште албаниянын балбаны Даниель Дажанини 10:1 эсебинде, 1/8 […]
Дүйнө чемпионаты (U-23): Балбан Раззак Бейшекеев финалга чыкты
Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Раззак Бейшекеев жаштар арасында өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын финалына чыкты. 67 кг салмакта Раззак Бейшекеев алтын үчүн күрөштө грузиялык Диего Чхиквадзе менен кез келет. Финалдык беттештер бүгүн, 22-октябрда Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат. Белгилей кетсек, мелдеш Албаниянын Тирана шаарында өтүп жатат. Кечээ, […]
Айсулуу Тыныбекова Кыз-келиндер күрөшү федерациясынын вице-президенти болуп шайланды
“Кыргызстандын Күрөш федерациясы” коомдук бирикмесинин кезексиз шайлоо жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Күрөш федерациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чарага федерациянын мүчөлөрү, ошондой эле Кыргызстандын күрөш боюнча улуттук курама командасынын машыктыруучулары жана калыстар тобу катышты. Жыйындын жыйынтыгында Айсулуу Тыныбекова федерациянын кыз-келиндер күрөшү боюнча вице-президенттик кызматына шайланды. Тыныбекова өз сөзүндө өлкөдө кыз-келиндер күрөшүн […]
Неймар кайрадан футбол талаасына кайтты
Бразилиялык чабуулчу Неймар Сауд Аравиянын “Аль-Хилал” командасынын кезектеги беттешинде оюн талаасына кайтып келет. Атактуу футболчу бир жылдан бери ойной элек. Бүгүн, 21-октябрда Сауд Арабиянын клубу Азия чемпиондор лигасынын алкагында БАЭнин “Аль-Айн” командасы менен конокто ойнойт. Неймар бул оюнга “Аль-Хилалдын” курамына кирген. “Кимдир бирөө кайтып келди. Мен даярмын. Сиздин толкунданып жатканыңызды […]