Бишкекте таяк тартыш (мас рестлинг) өспүрүмдөр, жаштар жана чоңдор арасында Кыргызстандын чемпионат өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, мелдеш 20-21-апрель күндөрү Кыргыз-Түрк Манас университетинин спорт комплексинде орун алат. Катышуучулар төмөнкү салмакта күч сынашат: өспүрүмдөр арасында (14-15 жаш) — 50, 60, 70, 80, +80 кг; Жаштар […]
Спорт
Париж-2024: Парустук команда Олимпиадага катышуудан баш тартышты
Бүткүл россиялык парустук федерациясынын президенти Сергей Жиенбаев улуттук курама команданын жетекчилери Олимпиада оюндарына катышпоо чечимин кабыл алганын билдирди. «Улуттук команданын лидерлери буга чейин эле патриоттук себептерден жана административдик жана консультациялык колдоонун жоктугунан улам катышуудан баш тартышкан», — деди федерациясынын президенти Эске салсак, Парижде жайкы Олимпиада оюндары 26-июлдан 11-августка чейин, ал […]
Бишкекте кросс боюнча Кыргызстандын ачык чемпионаты өтөт
Бишкекте өспүрүмдөр, жаштар, чоңдор жана ардагерлер арасында кросс боюнча Кыргызстандын ачык чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Мелдеш 13-апрелде Карагач сейил багында старт алат. Ага республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат. Катышуучулар 1000, 2000, 3000, 4000, 6000, 8000 жана 9000 метр аралыкка чуркашат.
Бишкекте бокс боюнча эл аралык мелдеш өтөт
Бишкекте бокс боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Советтер Союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган бокс боюнча Эл аралык мелдеш 18-22-апрель күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтөт. Мелдешке Казакстан, Өзбекстан, Тажикистан, Россия, Иран жана Таиланддан 130дан ашык спортчу […]
Париж-2024: Олимпиаданын чыгымы 3-5 млрд евро болушу мүмкүн
Франциянын Эсеп палатасынын төрагасы Пьер Московичи Олимпиада оюндарын өткөрүү өлкөгө канчага чыгаарын айтты. «Биз азырынча Олимпиада оюндарын өткөрүүнүн так наркын биле элекпиз. Оюндардан кийин Эсеп палатасы өздөрү аудит жүргүзөт. Олимпиада үч миллиарддан беш миллиард еврого чейин болушу керек. Бул сумма биздин мамлекеттик карызыбызга чоң таасирин тийгизет деп ойлобойм, – деди […]
Өзбекстандык Нодирбек Абдусатторов дүйнөдөгү төртүнчү шахматчы болду
Эл аралык шахмат федерациясынын (ФИДЕ) расмий рейтингинин март айындагы жаңылоосунда өзбекстандык шахматчы Нодирбек Абдусатторов дүйнөнүн мыкты шахматчыларынын ичинен төртүнчү орунду ээледи. Өзбекстандык шахматчы 2765 упай менен 4-орунда, азыркы дүйнөнүн чемпиону Динг Лиренден (2762) жана башка атактуу шахматчылардан озуп кетти. Андан бир гана АКШлык Хикару Накамура (2789), америкалык Фабиано Каруана (2803) […]