Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Улукбек Жолдошбеков жана Алибек Осмонов Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында 3-орунду ээлешти. Улукбек Жолдошбеков 65 кг чейинки салмакта 3-орун үчүн беттеште өзбекстандык Аббос Рахмоновду 6:4 эсебинде артта калтырды. Ал эми Алибек Осмонов 70 кг чейинки салмак ченинде Мустафо Ахмедов аттуу тажикстандык балбанды […]
Спорт
Кышкы Азия оюндары Кытайда өтөт
Азиянын Олимпиадалык кеңеши IX Кышкы Азия оюндарынын өтө турган жерин жана убактысын аташты. Бул тууралуу спорттук уюмдун соцтармактагы баракчасына жарыяланды. Маалыматка ылайык, Азия оюндары 2025-жылдын 7-февралынан 14-февралына чейин Кытайдын Харбин шаарында өтөт. Кеңеш ошондой эле оюндардын тумарын, эмблемасын жана ураанын бекитти. Ал “Кыш кыялдары, Азиядагы сүйүү” деп аталды. Эске салсак, […]
Париж-2024: Олимпиадалык шакекчелер Эйфель мунарасына орнотулат
Париждеги жайкы Олимпиада оюндарынын алдында Эйфель мунарасына олимпиадалык шакекчелер орнотулат. Ар бир Олимпиадада беш чоң шакек оюндарды өткөргөн шаар үчүн символикалуу жерге коюлат. Быйыл Парижде шакекчелер мунаранын биринчи жана экинчи кабаттарынын ортосуна, болжол менен 60 метр бийиктикке орнотулат. Мындан тышкары, Эйфель мунарасы спорттук иш-чараларда борбордук ролду ойнойт. Мунарага жакын Шам-де-Марстта […]
Бүгүн Бишкекте күрөш боюнча Азия биринчилиги башталат
Бишкекте бүгүн, 11-апрелде күрөш боюнча Азия биринчилиги башталат. Бул мелдешке Азия өлкөлөрүнөн 366 спортчу катышат. Алардын арасында Олимпиада, дүйнө жана Азия чемпиондору бар. Азия биринчилигинин алкагында 11-12-апрелде эркин күрөш, 13-14-апрелде кыз-келиндер жаан 15-16-апрелде грек-рим күрөшү боюнча таймаштар өтөт. Мелдештин биринчи күнүндө эркин күрөш боюнча балбандар 57, 65, 70, 79 жана […]
Париж – 2024: Жоломан Шаршенбековдун эки атаандашы белгилүү болду
Азербайжандын борбору Бакуда5-7-апрелде Европадагы Олимпиадалык лицензиялык мелдеш өттү. Анда грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшүнөн финалга чыккан экиден балбан Олимпиада оюндарына жолдомого ээ болду. Бул мелдеште кыргызстандык грек-рим балбаны Жоламан Шаршенбековдун (60 кг) Олимпиададагы дагы эки атаандашы белгилүү болду. Бири — молдовалык Виктор Чобану, экинчиси түркиялык Энес Башар болду. Эске салсак, […]
Бекдөөлөт Расулбеков дүйнө кубогунда коло медаль тагынды
Кыргызстандын оор атлетика боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Бекдөөлөт Расулбеков Таиланддагы дүйнө кубогунда кичи коло медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, 8-апрель күнү 102 кг чейинки салмакта мелдештер болуп, ага жалпы 42 спортчу катышты. Бекдөөлөт Расулбеков “В” тобунда ат салышып, “түртүп көтөрүүдө” – 165 […]