Кыргызстандын Альпинизм федерациясынын жетекчиси Эдуард Кубатов Гиннес рекорддор китебине кирди. Бул тууралуу альпинист Илим Карыпбеков кабарлады. «Жакын арада Guinness World Records биздин мекендешибизди дүйнө рекордунун ээси катары каттады. Эдуард Жумакадырович тарыхта Манаслу чокусуна — 8163 метр бийиктикке кычкылтексиз чыккан эң жашы улуу эркек адам болуп таанылды. Дүйнө рекордунун ээси болуп […]
Спорт
Жеңиш кубогу-2024: Көк бөрү боюнча финалисттер аныкталды
9-май Улуу Жеңиш күнүнө карата улуттук ат оюндары боюнча Республикалык мелдеш Чолпон-Ата шаарынын ат майданында өтүүдө. Анын алкагында финалга жогорку лигадан «Ынтымак» жана «Сары-Өзөн» командалары чыкса, биринчи лигадан «Талас» жана «Ысык-Ата» командалары чыкты. Ошондой эле, экинчи лигада «Казарман» жана «Толук» командалары финалга чыкса, легендалар лигасынан «Манас-Талас» жана «Талас» командалары күч […]
ФИФА: Кыргызстандын футзал курамасы 41-орунду ээледи
Эл аралык футбол федерациясы (FIFA) расмий сайтында футзал боюнча улуттук курамалардын тарыхтагы алгачкы рейтингин жарыялады. Кыргызстандын командасы 41-орунду ээлеп, дүйнөнүн эң мыкты 50 командасынын катарына кирди. Акшумкарлардын капчыгында 1091,36 упай бар. Алдыңкы бештикке Бразилия, Португалия, Испания, Иран жана Аргентина кирген. Борбор Азия өлкөлөрүнүн командалары: Кыргызстан 10-орунда, Казакстан 8-орунда; Өзбекстан 11-орунда; […]
Килиан Мбаппе жөө күлүк Усэйн Болттун чакырыгын кабыл алды
“ПСЖ” клубунун жана Франциянын чабуулчусу Килиан Мбаппе жөө күлүк Усэйн Болттун жүз метрге чуркоо чакырыгын кабыл алды. 37 жаштагы Усэйн Болт Мадрид шаарында “Лауреус” сыйлыгын тапшыруу аземинде Мбаппе менен атаандашууну каалай турганын анын эң мыкты формасында экенин айтты. “Менимче, бир күнү Мбаппе менен 100 метрге жарышып, жыйынтыгын көрүшүм керек”, – […]
“Евро-2024”: Курама командалардын саны 23төн 26га чейин көбөйөт
Европалык футбол ассоциацияларынын союзунун (УЕФА) Аткаруу комитети алдыдагы Европа чемпиондугуна катышуучу командалардын санын 23төн 26га чейин кеңейтүүнү чечти. Бул тууралуу L’Equipe басылмасы жазып чыкты. Булактын айтымында, эми оюнчулардын ар бири матч күнүнүн команда баракчасында көрсөтүлүшү керек. Эске сала кетсек, 2024-жылы Европа чемпионаты Германияда өтөт. Турнир 14-июндан 14-июлга чейин өтөт. Биринчи […]
Амантур Жумаев Азия чемпионатында күмүш байгеге ээ болду
Кыргызстандын бокс боюнча жаштар курама командасынын мүчөсү Амантур Жумаев Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында күмүш медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, спортчу мелдешке 54 кг чейинки салмакта катышты. Жумаев алгач 1/8 финалдык беттеште түркмөнстандын мушкери Мейлис Шадурдыевди 4:1 эсебинде уткан. Чейрек […]