“Аль-Наср” клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду Сауд Арабиянын Про-Лигасындагы жаңы жетишкендиги тууралуу пикирин билдирди. Португалиялык футболчу бир сезондогу голдордун саны боюнча Сауд Арабия чемпионатынын рекордун жаңыртты. “Мен рекорддорду эмес, мени рекорддор кууп келатат”, – деп жазды Роналду социалдык тармактардын биринде. 27-майда Сауд Арабиянын Про-Лигасынын акыркы, 34-турунун беттеши болуп, анда “Аль-Наср” менен […]
Спорт
Акшумкарлар Жалал-Абаддагы “Барселона” академиясында машыгуу өткөрөт
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы машыгуу үчүн Жалал-Абад шаарына келди. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты. Маалыматка ылайык, футболчуларды “Жалал-Абад” аэропортунан шаар мэри Эрнисбек Ормоков, Жалал-Абад шаардык кеңшинин төрагасы Нуртилек Орозбаев, спортчулар жана футболчулардын күйөрмандары тосуп алды. Улуттук курама команда Жалал-Абаддагы “Барселона” академиясында машыгуу өткөрөт. Машыгуу 4-июнга чейин уланат. Белгилей […]
“Галатасарай” футбол клубу Түркия чемпиондугун 24-жолу жеңди
Кечээ Түркиянын Суперлигасынын 2023-2024 сезонун аяктады. Окан Буруктун жетекчилигиндеги Стамбул клубу катары менен экинчи жолу чемпиондукту жеңип алды. Бул ийгилиги аркылуу “Галатасарай” футбол клубу Түркия чемпиондугун 24-жолу жеңди . Алар конокто Коньяспорду 3:1 эсебинде жеңип, 102 упай менен чемпион болду. Эске салсак, өз талаасында Стамбулспорду 6-0 эсебинде жеңген Фенербахче 99 […]
Париж -2024: Орусиялык ыктыярчылар Макронго кат жолдошту
Орусиядан келген ыктыярчылар Макронго кат жазышып, Олимпиадага катышууга уруксат берүүнү суранышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда. Апрель айынын аягында француз бийликтери ыктыярчы катары Парижге барууну каалаган орусиялыктардын Олимпиада оюндарына аккредитациядан өтүү өтүнүчтөрүн четке каккан. Алар Франциянын ички иштер министрине Олимпиадада иштөөгө тыюу салууну алып салууну суранып кат жазышкан, бирок […]
Бүгүн Бүткүл дүйнөлүк футбол күнү
Бүгүн, 25 майда Бүткүл дүйнөлүк футбол күнү белгиленет. Бул датаны БУУнун Башкы ассамблеясы жарыялады. Маалыматка ылайык, 25-май Бүткүл дүйнөлүк футбол күнү катары тандалган. Себеби 2024-жылы ушул датадан бери бардык аймактардын өкүлдөрү катышкан биринчи эл аралык футбол турниринин өткөнүнө 100 жыл толот. Бул мелдеш 1924-жылы Парижде өткөн Олимпиадада өткөн. Буга чейин […]
Футбол талаасында чагылган түшүп машыктыруучу каза болду
Франциянын түндүгүндө ышкыбоздор командасынын машыгуусу учурунда футбол талаасында чагылган түшүп, бир адам каза болуп, экөө ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда. Окуя бейшемби күнү Курьер коммунасында жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат сегиздер чамасында болгон. Жергиликтүү команда машыгуу өткөрүп жаткан Габриэль-Пери стадионунун талаасына чагылган тийген. Окуя болгон жерге барган […]