2036-жылы жайкы Олимпиада оюндары өтө турган жер белгилүү болду. Катардын борбору Доха Олимпиаданы кабыл алат. Учурда Катар менен Эл аралык Олимпиада комитети акыркы деталдарды макулдашып жатышат. Буга чейин 2028-жылкы оюндар Лос-Анжелесте өтөөрү белгилүү болгон. 2032-жылкы Олимпиаданы Австралиянын Брисбен шаарында өткөрөт. Катар Доха он жылдан ашык убакыттан бери дүйнөлүк ири иш-чараларды […]
Спорт
Ош шаарында дзюдо боюнча Кыргызстандын кубогу өтүүдө
Ош шаарында дзюдо боюнча Кыргызстандын кубогуна 200дөн ашык спортчу катышууда . Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Турнирдин ачылыш аземине Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Закиров, КР Улуттук дзюдо федерациясынын вице-президенти Улукбек Өмүрзаков, Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Бекдөлөөт Абакиров, машыктыруучулар жана спортчулар катышты. Турнирге өлкөнүн […]
Килиан Мбаппе Мадрид шаарынан 11 млн долларга үй алды
ПСЖнын чабуулчусу Килиан Мбаппе Испаниянын борборунан дагы бир үйгө ээ болду. Бул жолу ал “Реалдын” мурдагы оюнчусу Гарет Бэйлдин үйүн 11 миллион еврого сатып алды. Соодалашуунун жыйынтыгында Килиан Мбаппенин өкүлдөрү баштапкы бааны 13 миллион евродон 11ге чейин төмөндөтүүгө жетишти. Белгилей кетсек, экс-Реалдын футбол жылдызынын үйү 2022-жылдын бери саттыкта турган. Мбаппенин […]
Париж -2024: Дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу Олимпиада оюндарына катышат
Ош шаарынын тургуну, дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу Парижде өтүүчү Олимпиада оюндарына жолдомо алды. Бул тууралуу Ош шаарынын дене тарбия жана спорт комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, ал мекендештеринин арасында эң жогорку рейтингге ээ болгон дзюдочу катары Эл аралык федерациянын эрежеси боюнча Олимпиада оюндарына катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Эскерте кетсек, буга чейин […]
“Аль-Наср” клубу Роналду менен келишимди узартат
“Аль-Наср” клубу 39 жаштагы чабуулчу Криштиану Роналду менен келишимин 2026-жылга чейин узартууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу “Чемпионат” басылмасы жазууда. Маалыматка ылайык, тараптардын сүйлөшүү процесси келерки жайда башталат. Ал-Наср португалиялык футболчунун айлыгын көбөйтүүнү пландоодо. Роналдунун азыркы маянасы 200 миллион евро экени баса белгиленген. Эске сала кетсек, бул сезондо Роналду бардык турнирлерде 44 […]
Гулжигит Алыкулов Беларусь кубогун жеңди
Кыргызстандын Улуттук курама командасынын жарым коргоочусу Алыкулов Гулжигит «Неман» клубу менен Беларусиянын кубогун жеңди. Бул тууралуу кыргыз футбол биримдиги кабарлады. Маалыматка ылайык, Беларусиянын Кубогу үчүн болгон оюндардын алкагында Гулжигит 5 оюн өткөрүп, 2 гол киргизип жана 2 ассист берген.