Велоспортчулар Азия чемпионатына катышат

Автор

Кыргызстандын велоспорт боюнча улуттук курама командасы Азия чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мелдеш 5-12-июнь күндөрү Казакстандын Алматы шаарында өтөт. Курама командынын тизмеси: Данияр Велямов; Мухеммед Али Маткаримов;; Эрлан Оролов; Алла Вороная; Алиман Чалова. Курама команда улук машыктыруучу Александр Дядичкиндин жетекчилигинде мелдешке катышат.

Эртең “Акшумкарлар” Малайзия курамасы менен беттешет

Автор

Эртең, 6-июнда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо футбол боюнча Кыргызстан жана Малайзия улуттук курамаларынын беттеши өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги кабарлады. Маалыматка ылайык, аталган оюн 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын квалификациялык экинчи раундунун бешинчи турунун алкагында өтөт. Беттеш саат 21:00дө башталат. Ал эми көрүүчүлөр үчүн стадион саат 19:00дөн баштап ачык […]

Кыргыз балбандары Венгриядагы рейтингдик мелдешке катышат

Автор

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Венгрияда Polyák Imre & Varga János Memorial атындагы рейтингдик турнирге катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, спорттук иш-чара 6-9-июнда Будапешт шаарында өтөт. Курама команданын тизмеси: Алмаз Сманбеков (57 кг); Бекболот Мырзаназар уулу (57 кг); Тайырбек Жумашбек уулу […]

Волейбол курама командасы Азия чемпионатына катышат

Автор

Кыргызстандын волейбол боюнча (U-18) эркектер жана кыз-келиндер курама командасы Азия чемпионатына (CAVA) катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мелдеш 4-10-июнь күндөрү Өзбекстандын Ташкент шаарында өтөт. Курама команданын тизмеси (эркектер арасында): Элдос Жоробеков; Арген Гамбаров; Кайрат Кубатбеков; Азамат Бекиев; Аляса Махамматшарипов; Залкар Эргешов; Гүлжигит Мавланкулов; Санатбек […]

Эдуард Кубатов Гималайдагы Макалу чокусун багындырды

Автор

Кыргызстандык альпинист Эдуард Кубатов Гималайдагы Макалу чокусун кычкылтек колдонбостон багындырды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу бөлүштү. Анын айтымында, Непалдагы Гималай тоосундагы Макалу чокусу 8485 метр бийиктикте жайгашкан. “Бул тоого кыргыз туусу 30-майда саат 9:30да көтөрүлдү. Ушул аябай оор чокуга кычкылтек колдонбой чыктым. Бул кыргыздын тарыхында биринчи жолу. Кара-Доо […]

Достук оюндары 2025-жылга жылдырылышы мүмкүн

Автор

Достук оюндары 2025-жылга жылдырылышы мүмкүн. Бул тууралуу “Спорт-Экспресс” басылмасы жар салды. Маалыматка ылайык, Мындай демилге Орусиянын бийлигине сунушталып жакында колдоо табышы айтылууда. Басылма бул кадам Эл аралык Олимпиада комитетинин тышкы саясий кысымдарына байланыштуу жана Эл аралык достук ассоциациясынын сунушу менен жасалып жаткандыгы айтылууда. Эске салсак, буга чейин Достук оюндары 2024-жылдын […]