Татарстандын Казань шаарындагы “Казань Экспо” салтанат залында БРИКС эл аралык спорттук оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аземге департаменттин директору Айбек Абдымомунов, Россиянын спорт жана туризм министри Михаил Дегтярев жана Татарстан президенти Рустам Минниханов катышты. Ачылыш аземде өлкөлөрдүн парады болуп, Кыргызстандын […]
Спорт
Евро – 2024: Эртең Европа чемпионаты башталат
2024-жылы футбол боюнча Европа чемпионаты Германияда 14-июндан 14-июлга чейин өтөт. Мелдеште кожоюн өлкө катары Германия курама командасы да катышат. Немистер үчүн бул Европа чемпионаты катары менен 14-чемпионат болмокчу. Калган 23 жолдомо 53 команда катышкан квалификациялык турнир аркылуу ойнотулду. 20 команда түз негизги турнирге, дагы үчөө плей-офф аркылуу өттү. Финалдык этапта […]
Златан Ибрагимовичти пенсияга узатышты
Стокгольмдогу “Friends Arena” стадионунда Швеция курама командасынын оюнчусу Златан Ибрагимовичти пенсияга узатышты Иш-чара Швеция курама командасынын Сербия менен болгон жолдоштук беттешинен (0:3) кийин өттү. Чабуулчуга ардактуу коридор берилип, улуттук курамада ойногон беттештеринин санына барабар болгон 122 номерлүү футболка берилди. «Футболчу катары Швециянын формасын кийүү – бул боло турган эң чоң […]
Жокович дүйнөнүн биринчи ракеткасы титулунан ажырады
Сербиялык теннисчи Новак Жокович дүйнөнүн биринчи ракеткасы титулунан ажырады. Профессионал теннисчилер ассоциациясынын (ATP) жаңыланган рейтинги уюмдун сайтында жарыяланды. Карьерасында биринчи жолу италиялык Янник Синнер, экинчи орунду испаниялык Карлос Алькарас ээледи. Жокович үчүнчү орунга көтөрүлдү. Орусиялыктардын эң мыктысы ATP рейтингинде бешинчи орунда турган Даниил Медведев бойдон калууда. Анын жанында жердеши Андрей […]
“Акшумкарлар” Азия кубогуна жолдомо утту
Кыргызстан менен Омандын футбол боюнча улуттук курамаларынын беттеши аяктады. Беттеш Омандын Маскат шаарындагы “Султан Кабус” спорт комплексинде болуп өттү. Оюн курамалардын 1:1 эсебинде тең чыгуусу менен аяктап, жыйынтыгында Кыргызстандын улуттук курамасы 2027 Азия кубогуна жолдомо жана тарыхта биринчи жолу дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү раундуна чыгуусун камсыздады. Жыйынтыктоочу турнирдик […]
Кыргызстан-Оман беттеши тең чыгуу менен аяктады
Кыргызстан менен Омандын футбол боюнча беттеши 1:1 эсеби менен аяктады. Беттештин 19-мүнөтүндө кыргыз курамасынын футболчусу Элдияр Зарыпбеков атаадаштын дарбазасына гол киргизип, эсепти ачкан. Ал эми оюндун экинчи бөлүгүндө омандыктар эсепти теңеди. Мелдеш Омандын Маскат шаарындагы “Султан Кабус” спорт комплексинде өтүүдө. Белгилей кетсек, футбол боюнча улуттук курамалар 2026-жылкы дүйнө чемпионаты жана […]