Футбол боюнча Европа чемпионатынын ачылышында Германия курама командасы Шотландия курама командасын (5:1) утуп алды. Биринчи беттеш Мюнхендеги “Альянц Арена” стадионунда өттү. Турнирдеги алгачкы голду оюндун 10-мүнөтүндө айып аянтчанын сызыгынан шотландиялыктардын дарбазасына сокку узаткан Флориан Виртц киргизди. 19-мүнөттө немистер тез чабуулга жетишип, аны Жамал Мусиаланын күчтүү соккусу менен аяктады. Экинчи таймда […]
Спорт
Евро -2024: Биринчи оюнда Германия менен Шотландия беттешет
Бүгүн төрт жылда бир өтүүчү Европа чемпионаты Германияда башталат. Европадагы башкы трофейи үчүн алтымышка жакын мамлекет тирешип, тандалып отуруп 24 өлкө кыл чайнашка чыкты. Алгачкы тиреш керемет жаратылыш курчаган Мюнхендин “Альянц Арена” стадионунда, Европанын чемпиондук чокусун 3 жолу багындырган талаа ээлеринин «Бүркүттөрү» менен Шотландиянын «Тартан армиясы» беттешке чыгат. Турнирдин биринчи […]
Кыргызстандын футбол курамасына жаңы машыктыруучу дайындалды
Максим Лисицын Кыргызстандын футбол курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Кыргызстандын футбол курама командасын сентябрь айында баштала турган 2026-жылкы Дүйнө Чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү баскычына дайындайт. Максим Лисицын Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн 4 жыл мурун баштаган. 2022-жылы анын жетекчилиги алдындагы КР U-20 жаштар […]
Бүгүн Германияда Европа чемпионаты башталат
2024-жылы футбол боюнча Европа чемпионаты Германияда 14-июндан 14-июлга чейин өтөт. Мелдеште кожоюн өлкө катары Германия курама командасы да катышат. Немистер үчүн бул Европа чемпионаты катары менен 14-чемпионат болмокчу. Калган 23 жолдомо 53 команда катышкан квалификациялык турнир аркылуу ойнотулду. 20 команда түз негизги турнирге, дагы үчөө плей-офф аркылуу өттү. Финалдык этапта […]
“Акшумкарлардын” машыктыруучусу Штефан Таркович кызматынан кетти
Улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович келишими аяктаганына байланыштуу кызматынан кетти. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Штефан Тарковичтин Кыргыз футбол биримдиги менен келишими 2024-жылдын 30-июнуна чейин түзүлгөн. Мындан улам футбол биримдигинин жетекчилиги, словакиялык адис менен келишимдин мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу кызматташууну токтотуу жөнүндө чечимин кабыл алган. Башкы […]
Велоспортчулар Азия чемпионатында байгелүү орундарга ээ болду
Кыргызстандын велоспорт боюнча курама командасынын мүчөлөрү Александр Дядичкин жана Игорь Филин 43-Азия чемпионатында байгелүү орундарга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган чемпионат 5-12 июнь күндөрү Казакстандын Алматы шаарында болуп өттү. Александр Дядичкин 35-39 жаш курактагылар арасындагы жарышта күмүш медаль утса, 55-59 жаш курактагылар […]