Польшадыгы мелдеште Калмира Билимбек кызы күмүш медалга татыды

Автор

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Калмира Билимбек кызы Ziolkowski, Pytlasinski, Poland Open атындагы эл аралык рейтингдик турнирдин күмүш байгесине татыды. 59 кг чейинки салмак ченинде күрөшүп жаткан кыргыз балбаны биринчи жана экинчи раунддарда польшалык балбандарды алгач 4:3, кийнкисин 8:0 эсебинде далысын басып жеңишке жеткен. Ал эми финалда Билимбек […]

Польшадыгы мелдеште Айсулуу Тыныбекова алтын утту

Автор

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова Ziolkowski, Pytlasinski, Poland Open атындагы эл аралык рейтингдик мелдешде алтын утту. 62 кг чейинки салмак ченинде күрөшүп жаткан кыргыз балбаны алгач польшалык, андан кийин канадалык спортчуларды мөөнөтүнөн мурда жеңип, финалга чыккан. Финалда ал Париждеги Олимпиада оюндарында атаандаш боло турган германиялык Луиза […]

Кыргызстандык калыстар футбол боюнча дүйнө чемпионатын тейлешет

Автор

Кыргызстандык Калыстар корпусунун өкүлдөрү Вероника Бернацкая менен Рамина Цой U-20 кыз-келиндер дүйнө чемпионатын тейшелет. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, дүйнөлүк биринчилик 31-августтан 22-сентябрга чейин Колумбияда өтөт. Ага жалпысынан 24 курама команда катышуусу күтүлүүдө. Эскерте кетсек, Борбор Азиянын өлкөлөрүнүн Калыстар корпусунан бул турнирге Кыргызстандын гана өкүлдөрү дайындалды. Вероника […]

“Акшумкарлар” ФИФАнын рейтингинде 101-орунда турат

Автор

ФИФАнын расмий сайтында футбол боюнча улуттук курама командалардын жаңыланган рейтинги чыкты. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен маалымдашты. Анда Кыргызстандын улуттук курамасы буга чейинки рейтингтик көрсөткүчкө салыштырмалуу бир сапка төмөн түшүп, 101-орунду ээледи. Учурда Кураманын капчыгында 1213,6 упай бар. Ал эми Азия футбол конфедерациясы зонасында курама 17-орунду сактап калды.

Шаршенбеков Польшадагы мелдеште алтын медаль тагынды

Автор

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Жоламан Шаршенбеков Ziolkowski, Pytlasinski, Poland Open атындагы эл аралык турнирде алтын медаль жеңди. Мелдештер 19-24-июнь күндөрү Польшанын Варшава шаарында өтүп жатат. Шаршенбеков финалда украиналык спортчуну 9:1 эсебинде утуп, алтын медалга татыды.

Бүгүн Польшадагы рейтингдик мелдешке Жоламан, Амантур, Раззак чыгат

Автор

Кыргызстандын грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командалары Ziolkowski, Pytlasinski, Poland Open атындагы эл аралык турнирге катышууда. Бүгүн килем үстүнө балбандар Жоламан Шаршенбеков, Амантур Исмаилов, Раззак Бейшекеев чыгат. Мелдештер Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө башталат. Белгилей кетсек, кечээ мелдештердин биринчи күнүндө Акжол Махмудов алтын медаль утса , Үзүр Жусупбеков коло […]