Евро-2024: Бүгүн 1/8 финалынын оюндары башталат

Автор

Европа чемпионатынын тайпалык этабы аяктады. 2024-жылкы Европа чемпиондугунун тайпалык этабынын жыйынтыгы менен турнирдин 1/8 финалында ойной турган бардык жуптар аныкталды. Плей-офф оюндары бүгүн, 29-июнда башталат. Бул этаптын беттештери шейшемби, 2-июлда аяктайт. Чейрек финалдык оюндар 5-6-июлда, жарым финалдык оюндар 9-10-июлда болот. Евро финал 14-июлга белгиленген.

Евро 2024: Плей-офф оюндарынын жадыбалы

Автор

Футбол боюнча 2024-жылкы Европа чемпионатынын тайпалык этабынын оюндары аяктап, андан кийин плей-офф баскычынын бардык катышуучулары аныкталды. 1/8 финалдык оюндар 29-июндан 2-июлга чейин болот. Евро-2024тун 1/8 финалынын оюндарынын графиги: 29-июнь. 21:00. Швейцария – Италия (Берлин) 29-июнь. 23:55. Германия – Дания (Дортмунд) 30 июнь. 21:00. Англия – Словакия (Гельзенкирхен) 30 июнь. 23:55. […]

U-23: Азия чемпионатынын биринчи күнүндө балбандар 7 медаль алтын утту

Автор

Иорданиядагы 23 жашка чейинки (U-23) спортчулар арасындагы Азия чемпионатынын биринчи күнүндө кыргызстандык грек-рим балбандары 2 алтын, 1 күмүш жана 4 коло утту. Алтын медалды Аманат Самат уулу (67 кг) жана Нурманбет Раймалы уулу (97 кг) алып, Азия чемпиону болду. Аркыт Орозбеков (130 кг) күмүш байге тагынды. Ошондой эле Акыл Сулайманов […]

Евро-2024: плей-офф оюндарынын бардык катышуучулары аныкталды

Автор

Германияда өтүп жаткан Евро-2024 мелдешинде 1/8 финалдын бардык катышуучулары белгилүү болду. Тайпалык этаптын жыйынтыгы менен плей-оффко 16 команда чыкты. Булар өз топторунун жеңүүчүлөрү: Германия, Испания, Англия, Австрия, Румыния жана Португалия. Экинчи орундар: Швейцария, Италия, Дания, Франция, Бельгия жана Түркия. Үчүнчү орунду алган алдыңкы командалар: Нидерланды, Грузия, Словакия жана Словения. 1/8 […]

2026 -жылкы Дүйнө чемпионатына 3 -тандоо туруна чүчүкулак тартылат

Автор

Эртең, 27-июнда 2026-жылы өтө турчу дүйнө чемпионатынын үчүнчү тандоо баскычына чүчүкулак тартылат. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жалпы 18 улуттук курама команда 6 тайпадан 3 топко бөлүнөт. Оюндар болсо 2024-жылдын сентябрынан 2025-жылдын июль айына чейин өтөт. Беттештердин жыйынтыгы боюнча ар бир тайпадан эки мыкты команда дүйнө чемпионатына […]

Кыргызстандын жаш балбандары Азия чемпионатында 2-орунду ээледи

Автор

Кыргызстандык балбандар эркин күрөш боюнча жаштар арасында Амман шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында командалык эсепте 2-орунду ээледи. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, эркин күрөш боюнча ата мекендик спортчулар 6 медаль жеңишти: 3 алтын, 2 күмүш жана 1 коло. Азия чемпиону наамын Садыр Кайыпбеков (45 кг), […]