Качырып ийбе! Бүгүн Евро 2024тө супер беттеш болот

Автор

Бүгүн, 5-июлда Евро-2024 алкагында Португалия менен Франциянын 1/4 финалдык беттеши орун алат. Гамбургдагы беттеште Килиан Мбаппе Франция курамында , ал эми Криштиану Роналду Португалияда ойнойт. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 01:00дө болот.

Евро-2024: Бүгүн чейрек финалдагы оюндар башталат

Автор

Бүгүн, 5-июлда Германияда өтүп жаткан футбол боюнча Европа чемпионатынын чейрек финалдагы оюндар башталат. Чемпионаттын ¼ баскычына чыккан командалардын оюну Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат. 1/4 финал (убакыт – Бишкек): 5-июль, жума: Испания – Германия, 22:00 Португалия – Франция, 01:00 6-июль, ишемби: Англия – Швейцария, 22:00 Нидерланды – Түркия, 01:00

Ташиев Париж Олимпиадасына катыша турган спортчулар менен жолукту

Автор

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 2024-жылы Парижде өтүүчү жайкы Олимпиада оюндарында Кыргызстандын атынан чыга турган дзюдо, бокс, сууда сүзүү жана жеңил атлетика боюнча курама командалардын мүчөлөрү жана машыктыруучулары менен жолукту. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушуу ачык диалог форматында өтүп, анда УКМК башчысы олимпиада […]

Евро-2024: 1/4 финалынын бардык жуптары аныкталды

Автор

2024-жылкы Европа чемпиондугунун 1/8 финалынын Австрия менен Түркиянын улуттук командаларынын акыркы оюну аяктап, анда Түркия курама командасы 2:1 эсебинде жеңишке жетти. Ошентип Евро-2024 чейрек финалынын бардык жуптары аныкталды. 2024-жылкы Европа чемпионатынын чейрек финалынын жуптары: 5-июль. Испания – Германия; 5-июль. Португалия – Франция; 6-июль. Нидерланды – Түркия; 6-июль. Англия – Швейцария. […]

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курамасы Азия чемпионатында 3-орунду ээледи

Автор

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы (U23) Иордания Амман шаарында өткөн Азия чемпионатында 3-орунду ээледи. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, анда кыргыз балбандары 7 медаль утушкан. Анын ичинен 3 — алтын, 1 — күмүш жана 3 — коло. Азия чемпиону наамын Абдымалик Карачев (57 кг), […]

Камчыбек Ташиев Олимпиадага жолдомо уткан балбандар менен жолукту

Автор

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Парижде өтө турган 2024-жылкы жайкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан бара жаткан грек-рим, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөлөрү жана машыктыруучулары менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Камчыбек Ташиев олимпиада оюндарына катышуучу балбандарга ийгилик каалап, күрөшчүлөрдүн ар […]