Бүгүн, 5-августта Париждеги жайкы XXXIII Олимпиада оюндарында спорттук күрөш боюнча турнир башталат. Эркектер жана кыз-келиндер арасында грек-рим, эркин күрөш боюнча жалпысынан 18 медалдардын топтому ойнотулат. Кыргызстандын курама командасынан 10 спортчу бул беттештерге катышат. Урматтуу окурман, Париждеги Олимпиадада Кыргызстандык спортчулар мелдешке чыга турган күндөр кечээ, 4-августта жаңыланды. Таанышып алыңыздар. 5-август Спорттук […]
Спорт
Париж-2024: Бүгүн Жоламан Шаршенбеков менен Мээрим Жуманазарова мелдешке чыгат
Бүгүн, 5-августта Олимпиада оюндарында эки кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбеков менен Мээрим Жуманазарова мелдешке чыгат. Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча 60 килограмм салмак, Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер күрөшү боюнча 68 килограмм салмак категориясында беттешет. Беттеш 19:00до башталат. Жалпы Кыргызстандын атынан 10 балбан өлкө намысын коргойт.
Париж-2024: Кыргызстандык боксчу Мунарбек Сейитбек уулу жарым финалга чыкты Париждеги жайкы ХХХIII Олимпиада оюндарында боксчу Мунарбек Сейитбек уулу жарым финалга чыкты. Кыргызстандык спортчу Мунарбек Сейитбек уулу 57 кг салмак категориясында чейрек финалда АКШнын спортчусу Жамал Харви менен кез келип, аны утуп алды. Мунарбек Сейитбек уулу Париж Олимпиада оюндарында медалга ээ болгон алгачкы Кыргызстандык мушкер болду. Жарым финалга чыгуу мушкерге коло медалды алып келет. Финалга чыгуу үчүн күрөштө кыргызстандыктын мушкердин атаандашы Болгариянын желеги астында ат салышкан дагы бир кубалык Хавьер Диас болмокчу. Медаль үчүн оюндар 8-августта башталат. Белгилей кетсек, Кыргызстандын 16 спортчусу сууда сүзүү, спорттук күрөш, жеңил атлетика, дзюдо жана бокс боюнча мелдештерге катышууда.
Париждеги жайкы ХХХIII Олимпиада оюндарында боксчу Мунарбек Сейитбек уулу жарым финалга чыкты. Кыргызстандык спортчу Мунарбек Сейитбек уулу 57 кг салмак категориясында чейрек финалда АКШнын спортчусу Жамал Харви менен кез келип, аны утуп алды. Мунарбек Сейитбек уулу Париж Олимпиада оюндарында медалга ээ болгон алгачкы Кыргызстандык мушкер болду. Жарым финалга чыгуу мушкерге […]
Париж-2024: Бүгүн Печерских жана Сейитбек уулу күч сынашат
Бүгүн , 3-августта Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында суучул Елизавета Печерских менен боксчу Мунарбек Сейитбек уулу мелдешке чыгат. Елизавета Печерских сууда сүзүү боюнча 50 метр аралыктагы жарышка эркин стилде катышат. Ал эми боксчу Мунарбек Сейитбек уулу (57 кг) Жамал Харви аттуу америкалык спортчу менен беттешет. Буга чейин кыргызстандык спортчу биринчи […]
Париж -2024: Бүгүн Эрлан Шеров менен Мунарбек Сейитбек уулу мелдешке чыгат
Бүгүн, 31-июлда Париждеги Олимпиада оюндарынын таймаштарынын бешинчи күнүндө Кыргызстандын эки спортчусу мелдешке чыгат. Дзюдо боюнча беттеште Азия чемпиону, дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси Эрлан Шеров (90кг) күрөшөт. Бокс боюнча турнирге дүйнө чемпионатынын коло медалынын ээси Мунарбек Сейитбек уулу катышмакчы. 31-июлдагы мелдештердин жүгүртмөсү: 14:00 дзюдо, 90 кг салмак ченине чейин, 1/32 […]
Париж -2024: Денис Петрашов жарым финалда 14 – орунга чыкты
Бүгүн, 31-июлда кыргызстандык суучул Денис Петрашов Олимп оюндарынын 200 метрге брасс ыкмасында сүзүү жарышында финалга чыкпай калды. Ал 200 метрди 2 мүнөт 10,19 секундада сүзүп өтүп, сегиз адамдан турган өз тайпасында жетинчи орунду ээледи. Ал эми жалпы тизмеде 14-сапка жайгашты. Жалпысынан бул аралыкка 16 суучул катышып, эки топко бөлүнүп жарышты. […]